КР Энергетика министринин орун басары Назгуль Усенова Жоробековна министрликтин энергиянын кайра жаралуучу булактары жана инвестиция тартуу маселелерин караган тийиштүү адистер менен биргеликте “Чакан ГЭС” ААКнын Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясына иш сапар менен келди. Иш сапардын негизги максаты - Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине орнотулуп жаткан калкып туруучу күн электр станцияларын курулушу менен таанышуу жана көзөмөлдөө.
“Чакан ГЭС” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Эмиль Мухамбетов курулуштун жүрүшү менен тааныштырып, катышуучуларга бул долбоор пилоттук экенин белгилеп жана учурда мындай калкып жүрүүчү күн электр станцияларын курууга кызыкдар тараптар бар экенин айтып өттү. Өз учурунда Энергетика министринин орун басары Назгуль Усенова курулуш пилоттук долбоор менен курулуп жатканына карабастан, мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи жана өз учурунда ишке берилишин көзөмөлдөөгө чакырды.
Эске салсак, “Чакан ГЭС” ААК Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу пилоттук долбоорун ишке ашырууга киришкен. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен курулуп, суу сактагычынын күзгүсүнө, аянты 1200м² жана алдын ала кубаттуулугу 100 кВт болгон фотоэлектр панелдерин орнотууну камтыйт.
Замминистра энергетики Назгуль Усенова с рабочим визитом посетила фотоэлектростанцию
Заместитель министра энергетики КР Назгуль Усенова Жоробековна совместно со специалистами Министерства, занимающимися вопросами возобновляемых источников энергии и привлечения инвестиций, посетили Аламединскую ГЭС-5 ОАО “Чакан ГЭС”. Основная цель визита-ознакомление и контроль строительства плавучих солнечных электростанций, устанавливаемых в бассейне суточного регулирования (БСР) гидроэлектростанции Аламединская ГЭС-5.
Первый заместитель генерального директора ОАО "Чакан ГЭС" Эмиль Мухамбетов ознакомил участников с ходом строительства. Также он подчеркнул, что данный проект является пилотным, однако, в настоящее время есть заинтересованные стороны в строительстве таких же плавучих солнечных электростанций. В свою очередь, заместитель министра энергетики Назгуль Усенова отметила, что, несмотря на то, что строительство ведется по пилотному проекту, оно очень важно для нашего государства и призвала проконтролировать своевременный ввод в эксплуатацию.
Напомним, ОАО "Чакан ГЭС" одним из первых в Кыргызстане приступило к реализации пилотного проекта строительства плавучих солнечных электростанций в БСР на Аламудунской ГЭС-5. Проект будет построен за счет гранта, выделенного Азиатским банком развития (АБР) и включает в себя установку фотоэлектрических панелей на зеркале БСР площадью 1200 м2 и предварительной мощностью 100 кВт.