«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Орто-Токой гидроэлектр станциясынын курулушу аяктоо баскычына жакындап калганына байланыштуу, жаңы энергетикалык объектте иштөө үчүн бир катар техникалык жана өндүрүштүк кызмат орундарга конкурстук тандоо жарыялайт. Орто-Токой ГЭСи Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан.
Конкурстук тандоо төмөнкү кызмат орундар боюнча жүргүзүлөт:
• РКА жана изоляция боюнча жетектөөчү инженер;
• АБС жана автоматика боюнча жетектөөчү инженер;
• Электр жабдууларын оңдоо боюнча электр слесарь;
• Гидротурбиналык жабдууларды оңдоо боюнча слесарь;
• Имараттарды комплекстүү тейлөө жана оңдоо боюнча жумушчу.
Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар:
• кызмат ордуна жараша тиешелүү жогорку же орто кесиптик билим;
• иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
• жоопкерчилик, тартиптүүлүк жана команда менен иштей билүү.
Конкурска катышууну каалагандар резюмесин damirass@mail.ru электрондук почтага жөнөтсө болот же басма түрүндө кол коюлган резюмени төмөнкү дарекке тапшыра алышат:
Бишкек шаары, Свердлов району, Суворов көчөсү, 113,
Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө (КиИКЖБ).
Байланыш телефону: 0312 90-16-29.
«Чакан ГЭС» ААК өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну каалаган квалификациялуу адистерди командасына кошулууга чакырат.













