«Чакан ГЭС» ААКда Нооруз!
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 марта 2023

Нооруз – кыргыз эли үчүн жылдын жаңырышын билдирген, эзелтеден кеңири белгиленип келе жаткан салттуу майрам.

«Чакан ГЭС» ААК ар бир кыргыз жаранын келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт! Ар дайым Нооруз үйүңүздөргө ынтымак, жергебизге тынчтык алып келсин, өргөңөр шаңга толсун, өрүшүңөр малга толсун, дасторконуңар нанга толсун, майрамыныздар кут болсун!  

«Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери ата-бабаларыбыздын салтын улай Нооруз майрамына карата 17-март күнү чакан иш-чара уюштурушту. Маданий иш-чарага Улуттук энергохолдинг төрагасы Талайбек Байгазиев катышты. Төрага «Чакан ГЭС» ААКнын жамаатын келе жаткан жаз майрамы менен куттуктап, эзелтеден кыргыз эли Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкенин баса белгиледи.

Ал эми «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков өз учурунда кызматкерлерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, уюштурулган спорт мелдештерине активдүү катышууга чакырды.  “Бүгүнкү жүзүңүздөрдөгү жылмаю, майрамдык маанай ар дайым сиздер менен болсун! Ишиниздерди ийгиликтер коштоп, компаниябыз өнүгүп, кубаттулуктар көбөйө берсин! Мындай саамалыктар кесиптештер арасында биримдикти бекемдеп, ынтымакты күчөтөт деп ишенем”, - деди Н.Садыков.

            Андан соң, «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери Нооруз майрамына даярдаган чакан концерттик программасын тартуулашты.Анда, чакандыктар  кыргыз элинин ыр-бийинен баштап, ырым-жырымдарын чагылдырып, улуттук оюндары боюнча мелдеш уюштурушту.

    

 

Поделиться материалом