2026-жылы «Чакан ГЭС» ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырат
Поделиться материалом
Опубликовано: 03 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу менен жана тармактын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен «Чакан ГЭС» ААК 2026-жылга карата иш-планды даярдады. Ага гидроагрегаттарды учурдагы жана капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объектилерди ишке киргизуу каралган.

Жыл ичинде компаниянын объектилеринде жабдууларды иштөөчү абалында сактоо, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана гидроэлектростанциялардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 300 утурумудук оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле төмөнкү гидроагрегаттарда төрт капиталдык оңдоо каралган:

– ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;

– ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;

– ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;

– ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.

Капиталдык оңдоо иштерине агрегаттарды толук ажыратуу, негизги түйүндөрүн диагностикалоо, эскирген тетиктерди алмаштыруу, жабдууларды модернизациялоо жана андан кийинки ишке киргизүү-орнотуу иштери кирет. Бул иштер өндүрүштүк кубаттуулуктарды жаңылоонун узак мөөнөттүү программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары:

-ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында ондоо иштери жургузулот;

-Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер аткарылат;

-2026-жылы Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү пландалууда;

-Папан ГЭСинин курулушу улантылат;

- Лебединов ГЭСи реконструкцияланат;

- 20 даана электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотулат;

Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет.

Пландалган иш-чаралар комплекси генерациялоочу кубаттуулуктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого багытталган.

________________________________________________________

В 2026 году ОАО «Чакан ГЭС» реализует комплексную программу по обновлению электрооборудования

При поддержке Министерство энергетики Кыргызской Республики и с учетом приоритетных направлений отрасли ОАО «Чакан ГЭС» подготовило план работы на 2026 год. В него включены текущие и капитальные ремонты гидроагрегатов, реконструкция действующих станций, а также ввод в эксплуатацию новых объектов.

В течение года на объектах компании планируется провести 300 текущих ремонтов, направленных на поддержание оборудования в рабочем состоянии, предотвращение аварийных ситуаций и повышение эксплуатационной надежности гидроэлектростанций.

Также предусмотрено проведение четырех капитальных ремонтов на следующих гидроагрегатах:

– гидроагрегат №1 ГЭС-3;

– гидроагрегат №1 ГЭС-4;

– гидроагрегат №2 ГЭС-5;

– гидроагрегат №2 ГЭС-6.

Капитальный ремонт включает полную разборку агрегатов, диагностику основных узлов, замену изношенных деталей, модернизацию оборудования и последующие пусконаладочные работы. Данные мероприятия являются важной частью долгосрочной программы обновления производственных мощностей.

Кроме того:

– будут проведены ремонтные работы на гидроагрегате №1  ГЭС-1;

– выполнены ремонтные работы на гидроагрегате №2  Быстровской ГЭС;

– в 2026 году планируется ввод в эксплуатацию Орто-Токойской ГЭС;

– продолжится строительство Папанской ГЭС;

– будет проведена реконструкция Лебединовской ГЭС;

– планируется установка 20 зарядных станций для электромобилей.

Реализация данных мероприятий позволит продлить срок службы оборудования и обеспечить его стабильную работу в осенне-зимний период 2026–2027 годов.

Комплекс запланированных работ направлен на повышение надежности генерирующих мощностей, увеличение объемов производства электроэнергии и обеспечение бесперебойного электроснабжения потребителей Кыргызской Республики.

 

Поделиться материалом