Энергетиктер кыш камылгасын көрүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 мая 2023

Кыш камылгасын көрүү максатында жаз менен бирге энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө киришишет. Жабдуунун бузулушун алдына алуу максатында энергетиктер капиталдык жана утурумдук оңдоо, техникалык тейлөө иштерин алып барышат.

Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын өндүрүш кызматтары жабдууларды модернизациялоо максатында Аламүдүн-3 ГЭСинин экинчи гидроагрегатына тиристордук козгогуч орнотушуп, Лебединовка ГЭСинин экинчи күч трансформаторуна утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүшүп, ал эми Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында капиталдык оңдоо иштерин алып барууда.

Ошондой эле, бүгүн, 19-майда «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу сууну куру өткөрүү (холостой сброс) калканынын оңдоо затворунун (суу тосуучу дарбаза) механизмдерин жана затвордун өзүн оңдошууда.

Мындай иш-чаралар электр энергияны чыгаруу ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында оңдоп-түзөө иш-чарасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

  

  

Поделиться материалом