Лебединовка ГЭСинин экинчи кезектеги күч трансформаторунда утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүлүүдө.
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 мая 2023

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү «Чакан ГЭС» ААКда кызуу жүрүүдө. Тактасак, бүгүн, 18-майда «Чакан ГЭС» ААКнын релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматы  жана электротехникалык участогу Лебединовка гидроэлектростанциясынын экинчи кезектеги 35/6 кВ чыңалуусундагы күч трансформаторунда утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Утурумдук ондоо иштери жабдууну бузулушун алдына алуу максатында көп жылдык ондоо графигине ылайык жүргүзүлөт. Аталган күч трансформатордун кубаттулуулугу 7500 кВА түзөт.

Баса белгилей кетчү нерсе, Лебединовка гидроэлектростанциясында эки күч трансформатор шайкеш иштегендиктен, бир трансформаторго оңдоо иштери жүргүзүлөрдө, экинчи күч трансформатордун жардамы менен ГЭС иштей берет, башкача айтканда, ГЭСтин ишин токтотууга мажбур болбойбуз. 

  

Поделиться материалом