Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясына жаңы тиристордук козгогуч системасы орнотулду
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 мая 2023

Шейшемби күнү, 16-майда, «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери жабдууларды модернизациялоонун негизинде Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясынын экинчи гидроагрегатына жаңы тиристордук козгогуч системасын орнотушту. Буга чейин тиристордук козгогуч системасынын ролун гидроагрегаттын валына туруктуу токтун генератору менен биргеликте орнотулган электромашиналык козгогуч системасы аткарып келген. Бирок, аталган система 1950-жылдардан тарта иштеп келе жаткандыктан, анын эскилиги жетип, талаптарга жооп бербей калган.

Учурда «Чакан ГЭС» ААКнын релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматынын жана электротехникалык участогунун кызматкерлери тиристордук козгогуч системасын монтаждап, жөнгө салышууда.

Аткарылган жумуш электр энергияны чыгаруу ишенимдүүлүгүн жогорулатат. 

  

Поделиться материалом