Жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Покровка” жана “Кара-Арча” аба чубалгыларын куруу иштери бүтөр алдында турат.
Поделиться материалом
Опубликовано: 13 мая 2023

«Чакан ГЭС» ААК Бала-Саруу гидроэлектростанциясын куруу иштеринин алкагында “КУЭТ” ААКнын жардамы менен жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Покровка” жана “Кара-Арча” аба чубалгыларын куруу иштери бүтөр алдында турат. Долбоордун негизинде орнотулуучу 31 тирөөчтүн 29 тирөөчү орнотулду. Учурда кыйынырак аймакта жайгашкан акыркы №1 жана №3 эки тирөөчтү монтаждоо иштери  жүрүүдө.

Мындан сырткары Бала-Саруу ГЭСинде 110 кВ чыңалуусундагы жабык бөлүштүрүүчү түзмөк (ЖБТ) курулуп, дубалдарытургузулууда. Курулган ЖБТнын имаратында 110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен толук бөлүштүрүүчү түзмөктүн монтажы каралган.

Ошондой эле, учурда ГЭСтин имараты менен басым түтүкчөлөрүн куруу иштери кызуу жүрүүдө. Белгилей кетсек, ГЭСтин имаратынын котлованы казылып, пайдубалы бетондолуп, котлованды кайра толтуруу иштери аткарылып жатат. Аталган жумуштар менен бирге, адистер басым түтүкчөлөрүнүн таянычтарын орнотуу, түтүкчөнүн үстүнөн өтчү көпүрөнүн таянычтарын тургузуу боюнча иштерди аткарууда жана темирден басым түтүкчөлөрүн жасоодо.

Эскерте кетсек, Чакан ГЭС » ААК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  тарабынан бөлүнгөн каржыга Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» ГЭСин курууда. Аталган ГЭС Киров суу сактагычынын гидроэнергетикалык ресурсун эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет жана иштөө режими Киров суу сактагычынын суугат иштери менен туураланат.

         

Близится к завершению строительство высоковольтных линий 110кВ “Покровка” и  “Кара-Арча”

Строительство высоковольтных линий 110кВ “Покровка” и  “Кара-Арча” на стадии завершения. Напомним, ОАО «Чакан ГЭС» в рамках строительства гидроэлектростанции «Бала-Саруу» ведет строительно-монтажные работы ВЛ-110 кВ с помощью ОАО «НЭСК». Завершен монтаж 29 опор из 31 опоры. В настоящее время ведется монтаж последних двух опор №1 и №3 которые находятся на наиболее сложных участках.

Помимо этого, на территории ГЭС подрядной организацией завершаются основные общестроительные работы, ведется кладка кирпичных перегородок и отделка пемещений ЗРУ. В здании ЗРУ-110кВ предусмотрен монтаж комплектного распределительного устройства КРУЭ-110кВ.

Также, в настоящее время активно ведутся работы по строительству здания ГЭС и напорной деривации: проведены земляные работы по устройству котлована, заливке фундамента здания ГЭС, устройство опор мостового переезда, а также устоев опор напорного водовода. Проводится обратная засыпка котлована здания ГЭС и изготовление напорного трубопровода.

Напомним, на выделенные Министерством финансов средства ОАО “Чакан ГЭС” строит на Кировском водохранилище гидроэлектростанцию Бала-Саруу. Названная ГЭС позволит максимально эффективно использовать гидроэнергетические ресурсы Кировского водохранилища, а ее режим работы будет синхронизирован с ирригационным режимом работы Кировского водохранилища.

Поделиться материалом