Энергетиктердин жумушу оор жана кооптуу.
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 июня 2023

Ар бир үйгдөгү лампочка жарык бериш үчүн бир топ энергетиктердин күчү жумшалат. Кээ бир энергетиктер асман тиреген тирөөчтөрдөгү аба чубалгыларын оңдошсо, кээ бирлери суу кечип, жабдууларды оңдошот. Алардын катарын «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери толуктайт.

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында карамагындагы гидроэлектростанцияларында утурумдук жана капиталдык оңдоо иштерин алып барууда. Анын алкагында энергетиктер Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясынын биринчи гидроагрегатына жана анын көмөкчү жабдууларына утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүштү. Ал үчүн кызматкерлер турбиналык, жогорку жана төмөнкү генератордук подшипниктерди тууралап (регулировка), басым бассейинин ондошту.

Май айынын ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери ушундай эле утурумдук оңдоо иштерин Лебединовка ГЭСинин биринчи гидроагрегатында жана күч трансформаторунда жүргүзүштү.

Мындан сырткары, учурда биздин кызматкерлер Аламүдүн-6 ГЭСинин гидроагрегатынын клапандык затворун (суу тосуучу дарбазасын) ондоодо.

 

 

  

 

Поделиться материалом