“Лебединов ГЭСин реконструкциялоо” долбоору боюнча кредиттик келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды
Поделиться материалом
Опубликовано: 07 июня 2023

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов белгилегендей, “Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинен 8,8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат. Иштеп жаткан Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо каралган”.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Асрланбек Малиев ГЭСти реконструкциялоого кеткен насыя канча жылда өзүн актайт деген суроо салып, ага энергетика министри Таалайбек Ибраев оңдоп түзөө жумуштары 3 жылда бүткөрүлүп, ГЭС 7 жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт, - деп жооп берди.  

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

http://kenesh.kg/ky/news/show/14334/rassmotren-zakonoproekt-o-ratifikatsii-kreditnogo-soglasheniya-po-proektu-rekonstruktsiya-lebedinovskoy-ges

Поделиться материалом