«Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 гидроэлектростанциясында утурумдук ондоо иштерин жүргүзүүдө...
Поделиться материалом
Опубликовано: 08 июня 2023

Энергетиктер ар бир үйгө жарык тартуулоо үчүн талкыпай эмгектенүүдө. Алсак, оңдоо иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 гидроэлектростанциясынын 6 кВ чыңалуусундагы сыртка орнотулуучу комплектүү түзмөккө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ал үчүн релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматы 6 кВ чыңалуусундагы өчүргүчтүн жана өздүк муктаждыктарга керектелүүчү трансформатордун релелик коргоолорун текшеришип, жабдууну ишенимдүү иштиши үчүн сыноо жүргүзүштү. Мындан сырткары, энергетиктер трансформатордун изоляциясынын каршылыгын, жогорку жана төмөнкү чыңалуунун ороосун текшеришти.

    

Энергетики делают все возможное, чтобы в каждом доме был свет. Так, в рамках подготовки к осенне-зимнему периоду ОАО “Чакан ГЭС” проводит текущий ремонт КРУН 6 кВ на гидроэлектростанции Аламудун-2. Для этого местная служба релейной защиты и автоматики проверила защиту выключателя 6 кВ и трансформатора собственных нужд (ТСН), провела ревизию и опробование РЗАна надежность работы. Помимо этого, энергетики измерили сопротивление изоляции, обмотки высшего и низшего напряжения и проверили омическое сопротивление обмотки ТСН.

Поделиться материалом