Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты.
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 июня 2023

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында утурумдук жана капиталдык ондоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт. Бул да болсо суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релелик коргоо жана автоматика кызматынын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды.  Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырышты. Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.

Айтмакчы, аталган гидроэлектростанциясынын экинчи гидроагрегаты да июль айында капиталдык оңдоого чыгарылат.

МААЛЫМКАТ

Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясы- сегиз станциядан турган Аламүдүн ГЭС кыркаларынын экинчи тепкичи болуп саналат. Ал 1945-жылы ишке берилген, анын жалпы кубаттуулугу 2,2 МВтты түзөт, башкача айтканда, ар бир гидроагрегаттын кубатуулугу 1,1 МВт.

          

Завершился капитальнынй ремонт первого гидроагрегата на гидроэлектростанции Аламудун-1.

В рамках подготовки к ОЗП ОАО «Чакан ГЭС» продолжает проводить текущие и капитальные ремонтные работы на своих объектах. Данные работы проводятся в летнее время, когда в связи с ирригационными нуждами воды мало, что способствует снижению холостого сброса воды и выполнению поставленных задач по выроботке электроэнергии.

На неделе завершился капитальнынй ремонт первого гидроагрегата на гидроэлектростанции Аламудун-1. Для проведения капремонта были привлечены специалисты турбинного и электротехнического участка, местной службы релейной защиты и автоматики ОАО «Чакан ГЭС», а также привлечена специализированная компания.  При проведени ремонта специалисты полностью разобрали оборудование и заменили устаревшие детали. Целью проведения этого ремонта является предупреждение неплановых остановок агрегата, устранение неисправностей всех изношенных элементов, восстановление или замену. Капитальный ремонт проводится согласно многолетнему графику

К слову, в июле месяце ОАО «Чакан ГЭС» планирует вывести и второй гидроагрегат вышеназванной ГЭС на капитальный ремонт. 

СПРАВКА

Аламединская ГЭС-1 – является второй ступенью в составе из восьми станций Каскада Аламудунских ГЭС. Станция была введена в эксплуатацию в 1945 году. Ее суммарная мощность составляет 2,2 МВт, то есть мощностью по 1,1 МВт каждый.   

Поделиться материалом