«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда. Алсак, ГЭС-1 күч трансформаторунда (Т-2) жана өчүргүчтөрүндө утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ишти алып барууга «Чакан ГЭС» ААКнын жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматы, электр техникалык участогу тартылды.
Иш ордуна барган адистер төмөнкү иштерди аткарышты:
- күч трансформаторго жана өчүргүчкө электр ченөө жүргүзүү
- РКжАны текшерүү жана тестирлөө
- Өчүргүчтүн майын тестирлөө жана тандоо
- Контакттык байланыштарды жана ажыраткычтарды тазалоо
- Изоляторлорду чаңдан тазалоо
- Фазаларды боё
Аткарылган жумуштар электр энергияны ишенимдүү иштеп чыгышына жана сапатын жогорулатышына шарт түзөт.