«Чакан ГЭС» ААК ардактуу эс алууга кеткен кызматкерлерди куттуктады
Поделиться материалом
Опубликовано: 29 сентября 2023

«Карысы бардын ырысы бар» демекчи улуу муунду сыйлоо, аларга тийиштүү деңгелде көңүл бөлүү ар бирибиздин милдетибиз. Алардын жасаган эбегейсиз эмгеги, айткан кеңештери адам ресурстарынын өнугүшүнө, иштерине чоң салым кошуп келет. 

«Чакан ГЭС» ААК келе жаткан 1-октябрь – эл аралык карылар күнү менен ардактуу эс алууга кеткен кызматкерлерди куттуктады. Акционердик коомдун башкы директору Нурлан Садыков куттуктоо сөзүндө ардагерлерге «Чакан ГЭС» ААКнын өнүгүү жолундагы талыкпаган эмгеги жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалады. “Сиздердин натыйжалуу башкарууңуздардын, тейлөөңүздөрдүн арты менен бүгүнкү күндө 100 жылга жакын иштеген жабдуулар дагы да болсо иштеп келе жатат. Ар дайым көөнөрбөс  энергияңыздар, асыл эмгегиңиздер менен жаш муундарга үлгү болуп, кеңешиңиздерди берип жүрө бериңиздер”,- деген жакшы тилектерин Нурлан Садыков билдирди.

Андан соң жетекчилик жамааттын атынан ардагерлерге иш-чара алкагында каралган белектерди ыйгарды. Өз учурунда ардагерлер «Чакан ГЭС» ААКнын жетекчилигине жана жамаатына ыразычылыгын айтып, компаниянын ишмердүүлүгү өнүгүп өсүшүнө тилектеш экенин жана ар дайым кеп-кеңештери менен жардам көрсөтөрүн билдиришти.

МААЛЫМКАТ

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 

      

Поделиться материалом