«Чакан ГЭС» ААКда өзгөчө кырдаал шартында эвакуациялоо иш-чараларына окутуу өткөрүлдү
Поделиться материалом
Опубликовано: 03 октября 2023

Шейшемби күнү, 3-октябрда, «Чакан ГЭС» ААКнын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы менен биринчи бөлүм жана коргоо кызматы биргеликте Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясынын базасында табигый кубулуштардын өзгөчө кырдаалында эвакуациялоо иш-чараларына окутуу өткөрүштү. Бул окутуу кызматкерлердин коопсуздук маданиятын, билимин жана жер титирөө учурунда тийиштүү иш-аракеттерди аткарууга даярдыгын жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө ИжТКК башчысы Улан Айтуганов катышуучуларга жер титирөө маалында кандай иш аракеттерди кылыш керек экенин түшүндүрүп берди. Мындан сырткары, жабыркаганды эвакуациялоо жана ага дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабак тартууланды.  

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу боюнча 2017-жылдан тарта Кыргызстанда 5-октябрь – табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү катары белгиленип келет.

      

ОАО «Чакан ГЭС» провел ежегодное учение эвакуационных мероприятий в условиях ЧС

Во вторник, 3-октября, служба надежности и техники безопасности совместно с первым отделом и службой охраны ОАО «Чакан ГЭС» провели на базе гидроэлектростанции Аламудун-3 ежегодное учение эвакуационных мероприятий в условиях чрезвычайных ситуаций природного характера.  Данное учение проводится в целях повышения знаний и уровня готовности персонала к действиям при землетрясениях.

Во время учений начальник СНиТБ Улан Айтуганов разъяснил учащимся о том, как действовать во время землетрясения.

Помимо этого, был проведен показательный урок об эвакуации пострадавшего и оказания ему доврачебной первой помощи.

Напомним, по распоряжению Правительства Кыргызской Республики с 2017 года в Кыргызстане 5 октября отмечается как День снижения риска стихийных бедствий.

 

Поделиться материалом