«Чакан ГЭС» күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү улантууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 октября 2023
Чакан ГЭС» күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр жабдууларга утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.
Бүгүн, 24-октябрда, релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматынын жана электр техникалык участогунун кызматкерлери биргеликте 35 кВ чыңалуусундагы «Аламудун-ДСК» аба электр чубалгысынын өчүргүчүндө электр өлчөөнүн профилактикалык көзөмөлүн жүргүзүп, порталдарды сырдашууда.
Бардык аткарылган жумушутар жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдоонун жылдык ондоо иш-чараларынын планына ылайык жүргүзүлүп, калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого багытталган.
   
Поделиться материалом