“Чакан ГЭС” ААК электр энергиясын рационалдуу пайдаланууга чакырат!
Поделиться материалом
Опубликовано: 14 ноября 2023

“Чакан ГЭС” ААК электр энергиясын рационалдуу пайдаланууга чакырат!

Электр энергиясын рационалдуу пайдалануу менен Сиз үй-бүлө бюджетиндеги коммуналдык чыгымдарды бир топ кыскартасыз.  

Достор, силер электр энергиясын кантип үнөмдөш керек экенин билесиңерби?

*Үйдөгү чыналуу лампаларын заманбап ЛЕД лампаларына алмаштыруу – электр энергияны үнөмдүү пайдалануунун бирден бир талабы. Себеби, учурдагы заманбап жана ишенимдүү жарык берүүчү лампа болуп LED лампалары саналат. Алар кадимки чыңалуу лампасына караганда 25 эсе көпкө чейин кызмат кылат жана 8-10 эсе электр жарыгын аз сарптайт.

Баасына келгенде LED лампалары бираз кымбатыраак сезилиши мүмкүн, бирок узак убакытка кызмат кылгандыктан, ал өз баасын тез арада эле актайт.

* Үй тиричилик техникаларын сатып алууда, сөзсүз түрдө анын электр энергиясын үнөмдөө таблицасын караңыз жана A+++,  A+,  A деп белгиленгенин алыңыз. Көп электр энергиясын керектегендерге B, C, D, E, F, G тамгалары жазылат.

*Күтүү режимин колдоно алуучу телевизор, компьютер сыяктуу техникаларды розеткадан суруп коюу туура болот. Себеби, алар күтүү режиминде турганда да электр энергиясын керектейт. Орточо эсеп менен бир сутка ичинде мындай бир техника 297 Ватт-саат керектейт. Демек, бир эле техниканы колдонбогон маалда суруп коюу менен сиз жылына 300 кВт-сааттан ашун электр энергиясын үнөмдөй аласыз.

*Чайнектин түбүн кебер (накипь)басышы- кадимки көрүнүш. Бирок, кебердин калыңдашы дагы сиздин капчыгыңызга залакасын тйигизет. Себеби, ал жылуулук өтүүмүнө тоскоолдук жаратып, суу салыштырмалуу көптөн кийин кайнайт. Ошондой эле, чайды өзүңүзгө ылайыктап кайнатыңыз: чоңураак көлөмдү кайнатуу көбүрөөк убакытты талап кылат.

   

Поделиться материалом