Бүгүн, 14-мартта “Чакан ГЭС” ААКнын Быстровка ГЭСинин электр эпкери ардактуу эс алууга узатылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 14 марта 2024

Бүгүн, 14-мартта “Чакан ГЭС” ААКнын Быстровка ГЭСинин электр эпкери Омуралиев Рысбек Адилетович ардактуу эс алууга узатылды.  Ал энергетика тармагында 30 жылдан ашуун  эмгектенип келген.  

Омуралиев Рысбек Адилетович өз ишин ак ниеттүү жана профессионалдык жогорку деңгээлде милдеттерин аткарып келген. Турмуштук жана эмгек тажрыйбасынын натыйжасында жамааттын арасында сыйга жана калыр баркка ээ. Чогу иштегендери менен өзүнүн адиститик тажрыйбаларынан чын көңүлүнөн бөлүшүп, жаштарга насаатын берип келди.

Иштеген ийгиликтерине, энергетика тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн  Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Респуликасынын социалдык-экономикалык интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Поделиться материалом