Папан чакан ГЭСинин курулушуна мезгил кутучасы салынды
Поделиться материалом
Опубликовано: 05 октября 2024

   Бүгүн, 2024-жылдын 5-октябрында Ош облусунда Папан чакан ГЭСнин курулушунун башталышына байланыштуу мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Т.Ибраев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү  катышты.

 

   Курула турган  ГЭС «Чакан ГЭС» ААКна таандык болуп, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жайгашкан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу 25 МВтты түзүп, ар бири 12,5 МВт болгон эки гидроагрегат орнотулат. Жылына орточо эсеп менен 103,0 млн. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт деп күтүлүүдө. Долбоордун болжолдуу инвестициялык суммасы 27,0 млн. АКШ долларын түзөт. Курулуш иштерин 2027-жылдын 1-кварталында бүткөрүлөрү пландалууда.

 

   Жаңы ГЭСтин ишке кириши бир нече артыкчылыктарды берет:

- Региондун энергетикалык камсыздоосунун туруктуулугун жакшыртуу;

- Жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү;

- Папан суу сактагычынын суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, сугат максаттарын бузбастан электр энергиясын өндүрүү.

 

   Бул долбоор Кыргызстандагы түштүк аймагынын энергетикалык тармагын чыңдоого жана анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Поделиться материалом