Каракөл ГЭСинин курулуш иши кызуу жүрүп жатат
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 ноября 2024

«Чакан ГЭС» ААКсына караштуу Каракөл ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш-монтаждоо иштерин (КМИ) жүргүзүү «Жагалмай» ЖЧКсына жүктөлгөн. Учурда негизги курулуш иштери олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Даярдык иштери:

  • Жалпы узундугу 2,8 км болгон чарбалык жолдордун курулушу аяктады.
  • Жолдорду коргоо үчүн жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
  • 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү тутумдар (ОРУ) курууга аянтча толугу менен даярдалды.

Негизги иштер:

  • Курулуш учурунда сууну убактылуу буруу үчүн атайын каналдын курулушу аяктады.
  • Башкы суу алуу курулушу, ошондой эле чөкмө топтоо жана аванкамеранын курулушу уланууда.
  • ГЭСтин имараты үчүн казылган котлован даярдалды, азыр фундаменттик плитаны бетон менен куюу иштери жүрүп жатат.
  • Басым түтүктөрү үчүн болот листтерин жеткирүү жана түтүк секцияларын даярдоо 100% аткарылды.
  • Басым түтүктөрүнүн секцияларын монтаждоо иштери 30%га бүткөрүлдү. 

Каракөл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарымында аякташы пландалууда.

Поделиться материалом