«Чакан ГЭС» АКК Лебединов ГЭСин реконструкциялоо боюнча тендер жарыялады
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 ноября 2024

   2024-жылдын 19-ноябрында «Чакан ГЭС» ААК Лебединов ГЭСин реконструкциялоо иштерин аткаруу үчүн генеральдык подряддык уюмду тандоо боюнча тендер жарыялады. Объектти модернизациялоо үчүн инновациялык чечимдерди сунуштоого даяр алдыңкы эл аралык жана ата мекендик компаниялар катышууга чакырылган.

   Долбоорду ишке ашыруу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат.

   Тендердик арыздарды берүү ЕРӨБдүн электрондук «ECEPP» порталы аркылуу 2025-жылдын 13-январына чейин жүргүзүлөт. Сатып алуу идентификациялык номери: №53600 «Лебединов ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо». Катышуучулар бенефициар менен байланышуу үчүн ECEPP порталынын билдирүү борборун колдонуусу керек (порталдан тышкары чалуу жана билдирүү жөнөтүү кабыл алынбайт).

   Долбоор энергетикалык жабдууларды толук реконструкциялоону жана курулуш объекттерин жаңылоону камтыйт. Иштин сапатына техникалык көзөмөл жана коштоо консультациялык компания тарабынан жүргүзүлөт.

Поделиться материалом