Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизациялоо күтүлүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 февраля 2025

Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизациялоо күтүлүүдө

   «Чакан ГЭС» АККна таандык Лебединовка ГЭСи Аламүдүн ГЭСтер Каскадынын эң ири станциясы болуп саналат. 1943-жылы ишке берилген станция аймакты электр энергиясы менен камсыз кылууда жана сугат маалында суу берүүнү колдоодо маанилүү роль ойнойт. Орточо жылдык өндүрүмү 33 млн кВт·саатты түзгөн, бирок станциянын жабдуулары иштеген жылдары эскилиги жеткен жана реконструкциялоону талап кылат.

   Станциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 3-мартында КР, ОАО «Чакан ГЭС» жана ЕРӨБ (ЕБРР) ортосунда “ЛГЭСтин Реконструкциялоо долбоору” боюнча 13,8 млн евро суммасында кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган.

Долбоордун максаты:

  • Кубаттуулукту 7,6 МВттан 9,2 МВтка жогорулатуу;
  • Жылдык электр энергиясын өндүрүүнү 56%ке көбөйтүү – 53,5 млн кВт·с чейин;
  • Станциянын КПДсын 90%ке чейин жогорулатуу;
  • ГЭСтин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
  • Станциянын иштөө мөөнөтүн 30–40 жылга узартуу.

   2024-жылдын 29-мартында «Чакан ГЭС» ААК менен «Көз Карандысыз Инженерлер Тобу» ЖЧК тендердик документацияны жана техникалык тапшырманы даярдоо, ошондой эле долбоорду көзөмөлдөө боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзгөн. Учурда подрядчикти тандоо процесси жүрүп жатат. Реконструкция 2027-жылдын аягына чейин аякташы күтүлүүдө.

Поделиться материалом