«Чакан ГЭС» ААК өлкөбүздөгү жалпы мырзаларды 5-март – «Ак калпак күнү» менен чын жүрөктөн куттуктайт!
“Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”, -демекчи, кыргыз эли ак калпак күнүн 2011-жылдын 5-мартынан тарта кыргыз режиссеру Рысбек Жабировдун демилгеси менен белгилеп баштаган. Ал эми 2016-жылы бул күн расмий статус алган. Мындай чечим улуттук каада-салттарды колдоо жана Кыргызстандын маданияты менен сыймыктануу сезимин өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Ак калпак – ак кийизден жасалган эркектердин салттуу баш кийими. Анын формасы кыргыз тоолорунун ак карлуу чокуларын элестетет. Ак түс ниеттин тазалыгын жана асылдыгын билдирет.













