«Чакан ГЭС» ААК жана Dongfang Electric International Corporation кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту
Поделиться материалом
Опубликовано: 13 марта 2026

Жума күнү, 13-мартта, Dongfang Electric International Corporation (DEC) компаниясы менен «Чакан ГЭС» ААКнын ортосунда кайра жаралуучу энергия булактары тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Документке кытай компаниясынын Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башкы директорунун орун басары Сян Ван мырза жана «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Саидов Шакиржан Пулатович кол коюшту.

Меморандум кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Тараптар кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыты катары кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда мүмкүн болгон биргелешкен ишмердүүлүктү аныкташты.

DEC компаниясы Кытай Эл Республикасынын энергетикалык машина куруу тармагындагы лидерлеринин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү электр энергиясын өндүрүүчү жабдууларды чыгарган алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн катарына кирет. Компания гидроэлектростанциялары, жылуулук электр станциялары, ошондой эле күн жана шамал электр станциялары үчүн жабдууларды өндүрүүгө адистешкен.

Бүгүнкү күндө компания Кыргыз Республикасындагы бир катар ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууда. Алардын катарына Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо жана Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү кирет.

Меморандумга кол коюу кайра жаралуучу энергия тармагында заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, ошондой эле энергетика тармагынын туруктуу өнүгүшүнө багытталган келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

________________________________________________________

ОАО «ЧаканГЭС» и Dongfang Electric International Corporation подписалиМеморандум

 

В пятницу, 13 марта, состоялось подписание Меморандума о взаимопонимании и сотрудничестве в области возобновляемых источников энергии между компанией Dongfang Electric International Corporation (DEC) и ОАО «Чакан ГЭС».

Со стороны китайской компании документ подписал заместитель генерального директора подразделения по Ближнему Востоку и Центральной Азии господин Сян Ван, со стороны ОАО «Чакан ГЭС» — генеральный директор Саидов Шакиржан Пулатович.

Меморандум направлен на развитие взаимовыгодного сотрудничества в сфере возобновляемых источников энергии. Стороны определили в качестве приоритетного направления возможное взаимодействие при реализации проектов по развитию объектов возобновляемой энергетики.

Компания DEC является одним из лидеров энергетического машиностроения Китайской Народной Республики и входит в число ведущих мировых производителей электрогенерирующего оборудования. Предприятие специализируется на производстве оборудования для гидроэлектростанций и тепловых электростанций, а также для солнечных и ветровых электростанций.

На сегодняшний день компания принимает участие в реализации ряда ключевых энергетических проектов в Кыргызской Республике, в том числе в модернизации Уч-Курганской ГЭС и запуске второго гидроагрегата Камбаратинской ГЭС‑2.

Подписание Меморандума открывает новые возможности для развития партнерства и обмена опытом в области внедрения современных технологий в сфере возобновляемой энергетики, а также реализации перспективных проектов, направленных на укрепление энергетической безопасности и устойчивое развитие энергетического сектора страны.

Поделиться материалом