«Чакан ГЭС» ААКда Нооруз майрамы белгиленүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 марта 2026
«Чакан ГЭС» ААКда кыргыз элинин эң маанилүү майрамдарынын бири – биримдиктин, жаңы жашоонун башаты болгон – Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Нооруз — күн менен түндүн теңелген күнүн билдирген байыркы майрам. Бул күн жаратылыштын ойгонушун, жаңы жылдын башталышын билдирип, элибиз жакшы өзгөрүүлөргө умтуулуп, жакшы жышаандарга ниет кылышат.
Бул күнү улуттук салт-санааларга өзгөчө көңүл бурулуп, өз ара сый-урматты, достукту жана ынтымакты бекемдөө маанилүү.
Иш-чаранын алкагында компаниянын жетекчилиги эмгек жамаатты келе жаткан майрамы менен куттуктап, кызматкерлерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Кызматкерлер үчүн улуттук даамдардан турган дасторкон уюштурулуп, кыргыз элинин бай маданий мурастары чагылдырылды.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, корпоративдик рухту чыңдоого жана улуттук салттарды сактоого өбөлгө түздү.
 
Поделиться материалом