«Чакан ГЭС» ААК коррупцияны алдын алуу боюнча ишти күчөтүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тармакта антикоррупциялык саясатты күчөтүү боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүүдө.

2026–2027-жылдарга карата антикоррупциялык маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Энергетика министрлиги тиешелүү буйрук чыгарып, анда ведомствого караштуу уюмдарда коррупциянын алдын алуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча негизги чаралар аныкталган.

«Чакан ГЭС» ААК коюлган милдеттерди өз убагында аткарууну камсыз кылды. Коомдун башкы дирекциясы мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча ишти пландуу негизде жүргүзүп, аны практикалык жактан ишке киргизүүнү уюштурду.

Ишканада коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссия иштөөдө. Комиссия антикоррупциялык мыйзамдардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү, иш-чаралардын аткарылышын мониторинг кылуу жана мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча системалуу иш жүргүзүүдө.

Бул иштин алкагында кызматкерлердин катышуусунда жумушчу жолугушуулар жана түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулуп келет. Жетекчилик жана комиссия мүчөлөрү тарабынан кызматкерлерге мыйзам талаптарын, ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин так сактоо зарылдыгы жеткирилүүдө.

Акыркы жыйында кызматкерлерге өлкөдө антикоррупциялык саясатты күчөтүү чаралары жана коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин күчөтүлүшү кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, коррупциялык көрүнүштөрдүн кандайдыр бир белгилери аныкталган учурда, тез арада жетекчиликке же комиссия мүчөлөрүнө маалымдоо зарылдыгы белгиленди.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар «Чакан ГЭС» ААКда антикоррупциялык саясатты чыңдоого жана жамаатта коррупцияга карата нөлдүк чыдамдуулук принциптерин калыптандырууга багытталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

 ______________________________________________________

ОАО «Чакан ГЭС» усиливает работу по предупреждению коррупции

Во исполнение Указа Президента Кыргызской Республики от 5 июня 2024 года №137 «О государственной стратегии по противодействию коррупции в Кыргызской Республике на 2025–2030 годы» Министерством энергетики Кыргызской Республики ведется последовательная работа по усилению антикоррупционной политики в отрасли.

В рамках реализации государственной программы антикоррупционной информационной политики на 2026–2027 годы Министерством энергетики издан соответствующий приказ, определяющий ключевые меры по профилактике коррупции и повышению ответственности в подведомственных организациях.

ОАО «Чакан ГЭС» обеспечило своевременное исполнение поставленных задач. Генеральной дирекцией Общества на плановой основе ведется работа по реализации государственной программы, а также организована работа по ее практическому внедрению.

В Обществе действует комиссия по противодействию коррупции, которая проводит системную работу по контролю за соблюдением антикоррупционного законодательства, мониторингу выполнения мероприятий и предупреждению возможных нарушений.

В рамках данной деятельности организуются рабочие встречи и разъяснительные мероприятия с участием сотрудников. Руководством и членами комиссии до персонала доводится необходимость строгого соблюдения норм законодательства, а также принципов открытости и ответственности.

На последнем собрании сотрудникам подробно разъяснены меры по усилению антикоррупционной политики в стране и ужесточению ответственности за коррупционные правонарушения. Также доведена информация о том, что при выявлении любых признаков коррупционных проявлений необходимо незамедлительно информировать руководство или членов комиссии для оперативного реагирования и принятия соответствующих мер.

Реализация указанных мероприятий направлена на укрепление антикоррупционной политики в ОАО «Чакан ГЭС» и формирование в коллективе принципа нулевой терпимости к коррупции. Работа в данном направлении будет продолжена.

Поделиться материалом