«Чакан ГЭС» ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууну баштайт
Поделиться материалом
Опубликовано: 28 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу максатында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

Аталган ишмердүүлүктүн алкагында «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоорду каржылоо кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен тиешелүү макулдашууларга кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын ичинде 8,8 млн евро кредиттик каражаттар жана 5 млн евро грант.

Өткөрүлгөн тендердик жол-жоболордун жыйынтыгында 2025-жылдын 30-декабрында башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен келишимге кол коюлган.

Азыркы учурда топографиялык тартуу жана инженердик изилдөөлөр аяктап, долбоордук-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК Ылдыйкы Тар ГЭСин курууну жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоорун ишке ашырууда. Алсак, 2025-жылдын декабрь айында долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу үчүн Qing Yuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, 2026-жылдын январь айында жогоруда аталган компаниянын өкүлдөрү жана «Чакан ГЭС» ААКнын адистери объектилердин аянтчаларына биргелешкен иш сапарын жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө аймактар текшерилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Жыйынтыгында баштапкы отчет даярдалып, кабыл алынган, учурда геологиялык изилдөө иштерине жана курулушту долбоорлоо боюнча башкы подрядчыны тандоого техникалык тапшырма даярдалууда.

Эске салсак, KRED долбоорун ишке ашыруу максатында Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына жеңилдетилген шарттарда 43,2 млн АКШ долларын бөлүп берген.

______________________________________________________________

ОАО «Чакан ГЭС» приступает к реализации проекта реконструкции Лебединовской ГЭС

Министерство энергетики Кыргызской Республики в целях повышения энергетической безопасности страны последовательно реализует меры по развитию и модернизации энергетической инфраструктуры.

В рамках данной деятельности ОАО «Чакан ГЭС» реализует проект реконструкции Лебединовской ГЭС.

Финансирование проекта обеспечено за счёт кредитных и грантовых средств: подписаны соответствующие соглашения с Министерством финансов Кыргызской Республики и Европейским банком реконструкции и развития (ЕБРР). Общая стоимость проекта составляет 13,8 млн евро, включая 8,8 млн евро кредитных средств и 5,0 млн евро гранта.

По итогам проведённых тендерных процедур 30 декабря 2025 года подписан контракт с генеральным подрядчиком — China National Heavy Machinery Corporation.

В настоящее время завершены топографические изыскания и инженерные исследования, ведутся работы по проектно-изыскательским работам.

Помимо этого, ОАО «Чакан ГЭС» реализует проект KRED, который включает строительство Нижне-Тарской ГЭС и реконструкцию Быстровской ГЭС.

Так, в декабре 2025 года было подписано соглашение с компанией Qing Yuan Engineering Consultants о предоставлении консультационных услуг по разработке технико-экономического обоснования проекта. В январе 2026 года представители вышеупомянутой компании совместно со специалистами ОАО «Чакан ГЭС» совершили совместный визит на площадки объектов, в ходе которго были проведены инспекции территорий и встречи с представителями местных органов власти. В результате был подготовлен и утвержден первоначальный отчет, а в настоящее время разрабатывается техническое задание на проведение геологических изысканий и выбор генерального подрядчика по проектированию строительства.  

Напомним, что Всемирный банк выделил Кыргызской Республике 43,2 миллиона долларов США на льготных условиях для реализации проекта KRED.

 

Поделиться материалом