«Чакан ГЭС» ААКы Ысык-Көл облусунда электр кубаттоочу станциялар тармагын өнүктүрүүнү улантууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 мая 2026
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу боюнча саясатынын алкагында «Чакан ГЭС» ААКы өлкө аймагында электр кубаттоочу станциялардын (ЭКС) тармагын кеңейтүү долбоорлорун ишке ашырууну улантууда. ЭКСтерди орнотуу иштери Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилиги астында жүргүзүлүп, заманбап жана экологиялык таза транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Учурда өзгөчө көңүл Ысык-Көл облусуна бурулуп, жаңы электр кубаттоочу станцияларды орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылындагы Мамбетова/Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч электр кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн жер жумуштары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда компаниянын адистери Ысык-Көл облусу боюнча ЭКС тармагын кеңейтүүгө байланыштуу уруксат берүүчү документтерди даярдоо иштерин аяктап жатышат.
Долбоордун алкагында аймакта төмөнкүдөй станцияларды орнотуу пландалууда:
— Балыкчы шаарында 4 станция;
— Кызыл-Суу айылында 3 станция;
— Түп айылында 4 станция;
— Каракол шаарында 3 станция;
— Чолпон-Ата шаарында 3 станция;
— Бостери айылында 3 станция.
Кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү иштери ырааттуу жүргүзүлүп, өлкөнүн негизги калктуу конуштарын жана туристтик багыттарын камтууда.
Эске салсак, 2025-жылы «Чакан ГЭС» ААКы тарабынан жалпысынан 10 электр кубаттоочу станция орнотулган. Анын ичинен:
— Бишкек шаарындагы Суворов көчөсү, 113 дарегинде 2 станция;
— Кемин районунда, Бишкек–Торугарт жолунун боюнда 4 станция;
— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы «Ак-Шумкар» автобазасынын аймагында 4 станция орнотулган.
Электр кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү электромобилдердин ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, транспорттук инфраструктуранын экологиялуулугун жогорулатууга жана заманбап транспорт түрлөрүнө өтүүнү колдоого багытталган
________________________________________________________
 
ОАО «Чакан ГЭС» продолжает развитие сети электрозарядных станций в Иссык-Кульской области
 
В рамках политики Министерства энергетики Кыргызской Республики по развитию «зеленой» энергетики и внедрению экологически чистых технологий ОАО «Чакан ГЭС» продолжает реализацию проектов по расширению сети электрозарядных станций (ЭЗС) по всей стране. Работа по установке ЭЗС ведется под руководством Министерства энергетики Кыргызской Республики и направлена на развитие современной и экологичной транспортной инфраструктуры.
В настоящее время особое внимание уделяется Иссык-Кульской области, где ведутся активные работы по установке новых электрозарядных станций.
На сегодняшний день в селе Боконбаево на пересечении улиц Мамбетова/Проектируемой проводятся земляные работы для установки трех электрозарядных станций. Одновременно специалисты компании завершают оформление разрешительной документации для дальнейшего расширения сети ЭЗС по всей Иссык-Кульской области.
В рамках проекта в регионе планируется установить:
— 4 ЭЗС в городе Балыкчы;
— 3 ЭЗС в селе Кызыл-Суу;
— 4 ЭЗС в селе Тюп;
— 3 ЭЗС в городе Каракол;
— 3 ЭЗС в городе Чолпон-Ата;
— 3 ЭЗС в селе Бостери.
Работа по развитию зарядной инфраструктуры ведется последовательно и охватывает ключевые населенные пункты и туристические направления страны.
Напомним, что в 2025 году ОАО «Чакан ГЭС» уже установило 10 электрозарядных станций, из которых:
— 2 станции в городе Бишкек по улице Суворова, 113;
— 4 станции на территории Кеминского района, по трассе Бишкек-Торугарт;
— 4 станции в городе Кара-Куль Джалал-Абадской области на территории зоны отдыха «Ак-Шумкар».
Развитие сети ЭЗС направлено на создание комфортных условий для владельцев электромобилей, повышение экологичности транспортной инфраструктуры и поддержку перехода к современным видам транспорта.
 
Поделиться материалом