2026-жылдын 23-майында «Чакан ГЭС» ААКда энергетика тармагын тандаган жана келечегин ушул тармак менен байланыштырган Раззаков атындагы КМТУ, Кыргыз улуттук агрардык университети, Политехникалык колледж (МУК), Политехникалык колледж (КГТУ), ошондой эле №100, №97 жана №27 кесиптик лицейлеринин студенттери үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү.
КР Энергетика министри менен жолугушуудан кийин келечектеги адистерди ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк процесстери жана энергетика тармагында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен тааныштыруу максатында экскурсия уюштурулду.
Программанын алкагында студенттер «Чакан ГЭС» ААКнын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы тарабынан өткөрүлгөн киришүү инструктажынан өтүп, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк объектилерде коопсуз жүрүү эрежелери менен таанышышты.
Ошондой эле, катышуучулар үчүн ГЭС-3кө экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттер гидроэлектростанциянын ишин жеринен көрүп, негизги жабдуулар жана электр энергиясын өндүрүүнүн технологиялык процесстери менен таанышышты.
Мындан тышкары, келечектеги энергетиктер «Чакан ГЭС» ААК тарабынан орнотулган электр кубаттоочу станциялардын иши менен таанышып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза технологияларды жана электр унаалары үчүн инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу маалымат алышты.
Мындай иш-чара жаштардын энергетика тармагына болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги адистерге кесип тууралуу практикалык түшүнүк алууга жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого өбөлгө түздү.
_________________________________________________________________________
ОАО «Чакан ГЭС» проводит День открытых дверей для будущих энергетиков
В ОАО «Чакан ГЭС» 23 мая 2026 года состоялся День открытых дверей для студентов КГТУ им. Раззакова, Кыргызского национального аграрного университета, Политехнического колледжа (МУК), Политехнического колледжа (КГТУ), а также учащиеся профессиональных лицеев №100, №97 и №27 выбравших профессию энергетика и связывающих свое будущее с энергетической отраслью.
После встречи с Министром энергетики КР для студентов организована экскурсия с целью ознакомления будущих специалистов с деятельностью предприятия, производственными процессами и современными технологиями, применяемыми в энергетике.
В рамках программы студенты прошли вводный инструктаж, проведенный службой надежности и техники безопасности ОАО «Чакан ГЭС», где были ознакомлены с основными требованиями охраны труда и правилами безопасного пребывания на производственных объектах.
Для участников также была организована экскурсия на ГЭС-3, в ходе которой студенты смогли увидеть работу гидроэлектростанции изнутри, ознакомиться с основным оборудованием и технологическими процессами выработки электроэнергии.
Кроме того, будущие энергетики ознакомились с работой электрозарядных станций, установленных ОАО «Чакан ГЭС», и получили информацию о развитии экологически чистых технологий и инфраструктуры для электротранспорта в Кыргызстане.
Проведение подобных мероприятий способствует повышению интереса молодежи к энергетической отрасли, помогает будущим специалистам получить практическое представление о профессии и укрепляет связь между образованием и производством.














