Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууну улантууда.
Бул иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААК ГЭСтерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо максатында пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө ГЭС-6дагы №2 гидроагрегаттын капиталдык оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Учурда жабдуу жогорулатылган жүктөмдө сыноодон өткөрүлүүдө. Сыноолор аяктагандан кийин гидроагрегат штаттык режимде пайдаланууга берилет.
2026-жылга бекитилген оңдоо планына ылайык төмөнкү гидроагрегаттарда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү каралган:
ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты;
ГЭС-4түн №1 гидроагрегаты;
ГЭС-5тин №2 гидроагрегаты;
ГЭС-6нын №2 гидроагрегаты.
Мындан тышкары, быйыл Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында орточо оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Учурда Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы орточо оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады.
Азыркы учурда ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты капиталдык оңдоого чыгарылса, ГЭС-1дин №1 гидроагрегаты орточо оңдоодон өткөрүлүүдө. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Пландуу оңдоо иштерин жүргүзүү гидроэлектр станцияларынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга, жабдуулардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана энергообъекттерди күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өткөрүүгө сапаттуу даярдоого мүмкүндүк берет.
_____________________________________________________________
ОАО «Чакан ГЭС» завершило капитальный ремонт гидроагрегата №2 на ГЭС-6
Министерство энергетики Кыргызской Республики продолжает реализацию комплекса мероприятий, направленных на повышение надежности и устойчивости энергосистемы страны.
В рамках данной работы ОАО «Чакан ГЭС» проводит плановую ремонтную кампанию по подготовке гидроэлектростанций к прохождению осенне-зимнего периода 2026–2027 годов.
На сегодняшний день на ГЭС-6 успешно завершен капитальный ремонт гидроагрегата №2. В настоящее время оборудование проходит испытания под повышенной нагрузкой. После завершения испытаний гидроагрегат будет введен в штатную эксплуатацию.
Согласно утвержденному плану ремонтов на 2026 год, капитальный ремонт предусмотрен на следующих гидроагрегатах:
гидроагрегат №1 ГЭС-3;
гидроагрегат №1 ГЭС-4;
гидроагрегат №2 ГЭС-5;
гидроагрегат №2 ГЭС-6.
Кроме того, в текущем году запланировано проведение среднего ремонта гидроагрегата №2 Быстровской ГЭС и гидроагрегата №1 ГЭС-1. На сегодняшний день средний ремонт гидроагрегата №2 Быстровской ГЭС успешно завершен.
В настоящее время гидроагрегат №1 ГЭС-3 выведен в капитальный ремонт, а гидроагрегат №1 ГЭС-1 находится в среднем ремонте. Все работы выполняются в соответствии с утвержденным графиком.
Проведение плановых ремонтов позволяет обеспечить надежную и бесперебойную работу гидроэлектростанций, повысить эксплуатационную надежность оборудования и качественно подготовить энергообъекты к прохождению осенне-зимнего периода.














