«Чакан ГЭС» ААК ГЭС-5те кезектеги утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 июня 2026

«Чакан ГЭС» ААК бекитилген графикке ылайык, ГЭС-5те 35 кВ «ГЭС-6» аба электр чубалгысында (ВВЛ-35) пландуу утурумдук оңдоо иштери жүргүзүүдө.

Оңдоо иштеринин алкагында жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика (РЗА) кызматынын адистери ГЭС-6нын 35 кВ аба электр чубалгысынын уячасынын жабдууларына электрдик өлчөөлөрдүн комплексин жүргүзүп, электр жабдууларынын техникалык абалын диагностикалоодо, ошондой эле алардын ар кандай эксплуатациялык режимдердеги ишке жөндөмдүүлүгүн текшеришүүдө.

Ошол эле учурда адистер релелик коргоо, автоматика жана аварияга каршы автоматтык түзүлүштөрдү техникалык тейлөөдөн өткөрүүдө. Жөндөөлөрдү текшерүү, коргоо функцияларын сыноо, экинчи чынжырлардын иштөөгө жарамдуулугун көзөмөлдөө жана энергетикалык объекттин коопсуз иштешин камсыз кылган түзүлүштөрдүн туура иштешин талдоо жүргүзүшөт.

Пландуу оңдоо иштерин жүргүзүү - мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктап жана жоюуга, жабдуулардын эксплуатациялык даярдыгынын жогорку деңгээлин сактоого, ошондой эле технологиялык бузулуулар тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет.

Пландуу учурдагы оңдоо иштери «Чакан ГЭС» ААКтын өндүрүштүк программасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана гидроэлектр станциясынын алдыдагы эксплуатациялык мезгилде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

_________________________________________________________

ОАО «Чакан ГЭС» проводит плановый текущий ремонт на ГЭС-5

В соответствии с утвержденным графиком на ГЭС-5 проводятся работы по текущему ремонту линии ВВЛ-35 кВ «ГЭС-6».

В рамках ремонтных мероприятий специалисты местной службы релейной защиты и автоматики (РЗА) выполняют комплекс электроизмерений оборудования ячейки ВВЛ-35кВ «ГЭС-6», проводят диагностику технического состояния электрооборудования, а также проверяют его работоспособность в различных эксплуатационных режимах.

Одновременно специалисты осуществляют техническое обслуживание устройств релейной защиты, автоматики и противоаварийной автоматики. Выполняются проверка уставок, испытания защитных функций, контроль исправности вторичных цепей и анализ корректности работы устройств, обеспечивающих безопасную эксплуатацию энергообъекта.

Проведение плановых ремонтных работ позволяет своевременно выявлять и устранять потенциальные неисправности, поддерживать высокую степень эксплуатационной готовности оборудования и минимизировать риски технологических нарушений.

Плановый текущий ремонт является неотъемлемой частью производственной программы ОАО «Чакан ГЭС» и направлен на обеспечение надежной, безопасной и бесперебойной работы гидроэлектростанции в предстоящий эксплуатационный период.

   

Поделиться материалом