«Чакан ГЭС» ААК электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүүнү улантууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 июля 2026

«Чакан ГЭС» ААК экологиялык таза транспорт үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнү улантып, Кыргызстандын аймактарында электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын ырааттуу кеңейтип жатат.

Электрокубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында компания Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрт кубаттоочу станцияны жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында үч кубаттоочу станцияны ишке киргизди.

Жаңы объектилердин ишке кириши электромобилдердин ээлерине өлкөнүн эң көп суроо-талапка ээ болгон туристтик маршруттарынын бири боюнча ыңгайлуу жүрүүгө мүмкүндүк берет, кубаттоочу инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө кошумча түрткү болот.

Эске салсак, ушул жылдын башынан бери «Чакан ГЭС» ААК Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрт кубаттоочу станцияны, Түп айылында төрт кубаттоочу станцияны, Боконбаев айылында үч кубаттоочу станцияны ишке киргизген. Ошентип, 2026-жылдын башынан бери компания 18 жаңы кубаттоочу станцияны ишке киргизип, Кыргызстанда электрокубаттоочу инфраструктуранын бирдиктүү тармагын түзүүнү жана электр транспортунун өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү улантууда.

_________________________________________________________

 

ОАО «Чакан ГЭС» продолжает расширять сеть зарядных станций для электромобилей

 

ОАО «Чакан ГЭС» продолжает развивать инфраструктуру для экологически чистого транспорта, последовательно расширяя сеть зарядных станций для электромобилей в регионах Кыргызстана.

В рамках реализации программы по развитию электрозарядной инфраструктуры компания ввела в эксплуатацию четыре зарядные станции в городе Балыкчы и три зарядные станции в селе Кызыл-Суу Джети-Огузского района Иссык-Кульской области.

Ввод новых объектов позволит владельцам электромобилей комфортно передвигаться по одному из наиболее востребованных туристических маршрутов страны, повысит доступность зарядной инфраструктуры и станет дополнительным стимулом для развития экологически чистого транспорта.

Напомним, что с начала текущего года ОАО «Чакан ГЭС» также ввело в эксплуатацию четыре зарядные станции в городе Кара-Куль Джалал-Абадской области, четыре зарядные станции в селе Тюп, три зарядные станции в селе Боконбаево. Таким образом, с начала 2026 года компания ввела в эксплуатацию 18 новых зарядных станций, продолжая формировать единую сеть электрозарядной инфраструктуры в Кыргызстане и создавая комфортные условия для развития электротранспорта.

 

Поделиться материалом