Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Чакан ГЭС» ААКнын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 08 июля 2026
КР Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык эшик» долбоорунун алкагында массалык маалымат каражат өкүлдөрү менен биргеликте «Чакан ГЭС» ААКнын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип, оңдоо иш-чараларынын жүрүшү менен таанышты.
«Чакан ГЭС» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков министрге жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында коомдун гидроэлектр станцияларында негизги жабдууларга төрт капиталдык жана эки орточо оңдоо жүргүзүү пландаштырылган.
Бүгүнкү күнгө карата ГЭС-6дагы гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу жана Быстровка ГЭСиндеги орточо оңдоо иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, гидроэлектр станцияларында учурдагы пландуу оңдоо иштери улантылууда. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттөрдөн артта калуу жок.
Иш сапардын жүрүшүндө министр ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Учурда станциянын адистери тарабынан бир топ көлөмдөгү иштер аткарылды. Бүгүнкү күнгө карата күзгү диск, якордун коллектору, жогорку багыттоочу подшипниктин, таяныч подшипниктин жана төмөнкү багыттоочу подшипниктин вкладыштары, ошондой эле ступица, ротор, жогорку жана төмөнкү крестовиналар жана жумушчу дөңгөлөк оңдолду.
Иш сапарынын жыйынтыгында Алтынбек Рысбеков оңдоо иштеринин графигин так сактоону, аткарылып жаткан иштердин сапатына, өндүрүштүк коопсуздук талаптарынын сакталышына жана бардык пландалган иш-чаралардын өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ал энергетикалык объектилерди алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо энергетика тармагынын башкы артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.
__________________________________________
Министр энергетики Алтынбек Рысбеков ознакомился с ходом подготовки ОАО «Чакан ГЭС» к осенне-зимнему периоду
В рамках проекта «Открытый кабинет» Министр энергетики КР Алтынбек Рысбеков совместно с представителями средств массовой информации посетил ОАО «Чакан ГЭС», где ознакомился с ходом ремонтной кампании по подготовке к предстоящему осенне-зимнему периоду.
Первый заместитель генерального директора ОАО «Чакан ГЭС» Улан Кылышбеков проинформировал министра о проводимых работах. Он сообщил, что в рамках ремонтной кампании на объектах общества запланировано проведение четырех капитальных и двух средних ремонтов основного оборудования.
На сегодняшний день капитальный ремонт гидроагрегата на ГЭС-6 и средний ремонт на Быстровской ГЭС успешно завершены. Параллельно на гидроэлектростанциях продолжаются текущие плановые ремонтные работы. Все мероприятия выполняются в соответствии с утвержденным графиком, отставаний от сроков не допущено.
В ходе рабочей поездки министр также посетил ГЭС-3, где ознакомился с ходом капитального ремонта гидроагрегата № 1. В настоящее время специалистами станции выполнен значительный объем работ. Завершены ремонт зеркального диска, коллектора якоря, вкладышей верхнего направляющего подшипника, подпятника и нижнего направляющего подшипника, ступицы, ротора, верхней и нижней крестовин, а также рабочего колеса.
По итогам посещения Алтынбек Рысбеков поручил обеспечить безусловное соблюдение графика ремонтной кампании, уделив особое внимание качеству выполняемых работ, соблюдению требований промышленной безопасности и своевременному завершению всех запланированных мероприятий. Он подчеркнул, что успешная подготовка энергообъектов к предстоящему осенне-зимнему периоду является одной из приоритетных задач энергетической отрасли.
  
 
Поделиться материалом