«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине карата жабдууларга утурумдук ондоо иштерин жүргүзүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 15 июля 2026

«Чакан ГЭС» ААК келе жаткан күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдык көрүүнүн алкагында энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ондоо иш-чараларын ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

Учурда «Чакан ГЭС» ААКнын өндүрүштүк кызматтары тарабынан Лебединовка ГЭСиндеги  “ГЭС-5” 35 кВ аба электр чубалгысынын уячасынын жабдууларына кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө адистер байланыш түйүндөрүн тазалоо, байланыш элементтерин текшерүү жана бекемдөө, ток трансформаторлорунда электрдик өлчөөлөрдү жүргүзүү, жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоо, ошондой эле чубалгынын негизги элементтеринин жарактуулугун текшерүү иштерин аткарууда. Бул иш-чаралар мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоого жана жоюуга, ошондой эле энергообъекттин ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бардык иш-чаралар жогорку жүктөм мезгилинде гидроэлектр станцияларынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.

________________________________________

ОАО «Чакан ГЭС» проводит текущий ремонт оборудования

В рамках подготовки к предстоящему осенне-зимнему периоду ОАО «Чакан ГЭС» последовательно реализует ремонтные мероприятия по повышению надежности энергетического оборудования.

В настоящее время производственными службами ОАО «Чакан ГЭС» проводится текущий ремонт ячейки ВВЛ 35 кВ ГЭС-5 на Лебединовской ГЭС.

В ходе ремонтных работ специалисты выполняют зачистку контактных соединений, фазировку, проверку и подтяжку контактных элементов, электроизмерения трансформаторов тока, диагностику состояния оборудования, а также контроль исправности основных элементов линии. Проводимые мероприятия позволяют своевременно выявлять и устранять возможные неисправности, повышая надежность эксплуатации энергообъекта.

Подготовка оборудования к осенне-зимнему периоду ведется в соответствии с утвержденным графиком. Все работы направлены на обеспечение стабильной и безопасной работы гидроэлектростанций в период максимальных нагрузок.

   

Поделиться материалом