Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү: «Чакан ГЭС» ишканасынын объектилеринде алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Поделиться материалом
Опубликовано: 13 августа 2026

2026-жылга карата бекитилген оңдоо иштеринин планына ылайык, төрт гидроагрегатта капиталдык оңдоо жүргүзүү каралган:

ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты;

ГЭС-4түн №1 гидроагрегаты;

ГЭС-5тин №2 гидроагрегаты;

ГЭС-6нын №2 гидроагрегаты.

Ал эми дагы эки гидроагрегатта — Быстровка ГЭСинин №2 жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегаттарында орточо оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылган.

Бүгүнкү күндө ГЭС-6нын №2 жана ГЭС-3түн №1 гидроагрегаттарындагы капиталдык оңдоо иштери, ошондой эле Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы орточо оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр жабдууларын жаңылоо иштери да жүргүзүлүүдө. Планга ылайык, үч май өчүргүчтү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу каралган. Учурда ГЭС-1де эки вакуумдук өчүргүч орнотулду.

Аталган иштер гидроагрегаттардын жана электр жабдууларынын күз-кыш мезгилиндеги жүктөмдөргө даярдыгын камсыз кылууга, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү камсыздоого багытталган.

Маалымат үчүн: «Чакан ГЭС» ААК 10 гидроэлектр станциясын — Аламедин кыркаларын, Быстровка ГЭСин жана Бала-Саруу ГЭСин бириктирет. Компаниянын станцияларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 63,5 МВтты түзөт. 

   

 

Подготовка к ОЗП: на объектах «Чакан ГЭС» ремонтируют шесть гидроагрегатов

Согласно утверждённому плану ремонтных работ на 2026 год, капитальный ремонт предусмотрен на четырёх гидроагрегатах: №1 ГЭС-3, №1 ГЭС-4, №2 ГЭС-5 и №2 ГЭС-6. Ещё на двух гидроагрегатах — №2 Быстровской ГЭС и №1 ГЭС-1 — запланирован средний ремонт.

На сегодняшний день полностью завершены капитальные ремонты гидроагрегатов №2 ГЭС-6 и №1 ГЭС-3, а также средний ремонт гидроагрегата №2 Быстровской ГЭС.

В рамках подготовки к осенне-зимнему периоду также проводится обновление электрического оборудования. Планом предусмотрена замена трёх масляных выключателей на современные вакуумные выключатели. Два вакуумных выключателя уже установлены на Аламединской ГЭС-1.

Работы направлены на обеспечение готовности гидроагрегатов и электрического оборудования к эксплуатации в период осенне-зимних нагрузок, повышение надёжности оборудования и обеспечение стабильного производства электрической энергии.

Справка: ОАО «Чакан ГЭС» объединяет 10 гидроэлектростанций — Аламединского каскада, Быстровскую ГЭС и Бала-Саруу. Общая установленная мощность станций компании составляет 63,5 МВт.

Поделиться материалом