«Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери «Улуттук тазалык күнүнүн» алкагында ишембиликке катышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 сентября 2026
19-сентябрда «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн «Улуттук тазалык күнүнүн» алкагындагы ишембиликке катышты.
Ишембилик «Чакан ГЭС» ААКнын башкы кеңсесинин аймагында, ошондой эле коомго караштуу гидроэлектростанциялардын аймактарында өткөрүлдү.
Кызматкерлердин бир бөлүгү Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүнүн Көлбаев көчөсүнөн Куюков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тазалык иштерин жүргүзүштү. Кызматкерлер жол жээгиндеги аймактарды таштандылардан тазалап, аймакты талаптагыдай абалга келтиришти.
Башка кызматкерлер «Чакан ГЭС» ААКнын гидроэлектростанцияларынын аймактарын тазалоо иштерине катышты. Тактап айтканда, Аламүдүн каскадына кирген ГЭСтерде, ошондой эле Быстровка, Бала-Саруу жана Орто-Токой ГЭСинин аймактарында тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймактар таштандылардан тазаланып, аларды көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.
«Чакан ГЭС» ААК айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого багытталган демилгелерди колдойт жана экологиялык жоопкерчиликке, ошондой эле коомдун кызматкерлери эмгектенген аймактарды көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык «Улуттук тазалык күнү» жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде жана апрель айынын үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты — тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, аймактардын санитардык абалын жакшыртуу жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу.
 
___________________________________________________
 
Сотрудники ОАО «Чакан ГЭС» приняли участие в субботнике в рамках «Национального дня чистоты»
19 сентября сотрудники ОАО «Чакан ГЭС» приняли участие в субботнике, организованном в рамках «Национального дня чистоты» в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики.
Субботник прошёл на территории головного офиса ОАО «Чакан ГЭС», а также на территориях гидроэлектростанций общества.
Часть сотрудников провела работы по уборке участка улицы Шабдан баатыра в Бишкеке — от улицы Кольбаева до улицы Куюкова. Работники очистили прилегающие территории от мусора и привели их в надлежащее состояние.
Другие сотрудники приняли участие в уборке территорий гидроэлектростанций ОАО «Чакан ГЭС». В частности, работы по очистке и благоустройству были проведены на станциях, входящих в состав Каскада Аламудунского ГЭС, а также на территориях гидроэлектростанций Бала-Саруу, Быстровской и Орто-Токойской ГЭС.
В ходе субботника территории были очищены от мусора, проведены работы по их благоустройству и улучшению санитарного состояния.
ОАО «Чакан ГЭС» поддерживает инициативы, направленные на сохранение чистоты окружающей среды, и уделяет внимание экологической ответственности и благоустройству территорий, где работают сотрудники общества.
Справочно:
В Кыргызской Республике в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики установлен «Национальный день чистоты», который проводится ежегодно каждую третью субботу сентября и каждую третью субботу апреля. Цель мероприятия — поддержание чистоты и порядка, улучшение санитарного состояния территорий и формирование бережного отношения к окружающей среде.
    
Поделиться материалом