«Чакан ГЭС» ААКтын кызматкерлери Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде, 22-сентябрда, мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери да катышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу маселелерине кызыгуусун билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу темада лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин мааниси жана ролу, аны өнүктүрүү жана коомдук, кесиптик чөйрөлөрдө колдонуу, ошондой эле кыргыз тилин сактоо жана жайылтуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер көтөрүлдү.
«Чакан ГЭС» ААКтын кызматкерлеринин иш-чарага катышуусу мамлекеттик тилди колдонуу маданиятын жогорулатууга жана аны кесиптик ишмердикте кеңири колдонууга багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Сотрудники ОАО «Чакан ГЭС» приняли участие в мероприятии ко Дню государственного языка
22 сентября в Министерстве энергетики Кыргызской Республики состоялось мероприятие, посвящённый ко Дню государственного языка. Сотрудники ОАО «Чакан ГЭС» приняли участие в мероприятии, проявив интерес к вопросам развития и популяризации государственного языка.
В рамках мероприятия Председатель Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызской Республики Мелис Мураталиев выступил с лекцией на тему «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик».
В ходе лекции были затронуты вопросы значения и роли государственного языка, его развития и применения в общественной и профессиональной деятельности, а также важности сохранения и популяризации кыргызского языка.
Участие сотрудников ОАО «Чакан ГЭС» в мероприятии стало частью работы по повышению культуры использования государственного языка и его широкому применению в профессиональной деятельности.













