«Чакан ГЭС» ААКда кызматкерлердин арасында өткөрүлгөн, коррупцияга каршы маданиятты жогорулатууга жана коомдун коррупцияга каршы иш-чаралар планын ишке ашырууга багытталган чыгармачыл сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынак 28-августтан 25-сентябрга чейин өткөрүлдү. Катышуучулар чыгармачыл эмгектерин тартуулап, чынчылдык, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө сыяктуу баалуулуктарга карата өз көз караштарын билдиришти.
Сынактын жыйынтыгы боюнча айрым кызматкерлердин эмгектерине жогорку баа берилип, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынакка сунушталган эмгектер «Чакан ГЭС» ААКнын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жана компаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Сынакты өткөрүү кызматкерлердин коррупцияга карата «нөлдүк чыдамдуулук» принциби тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана жамаатта коррупцияга каршы маданиятты бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын бири болуп калды.
«Чакан ГЭС» ААКда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иштерине ар бир кызматкердин активдүү катышуусу, ошондой эле жамаатта ачык-айкындуулук, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерин бекемдөө маанилүү экендиги белгиленет.
____________________________________________________
В ОАО «Чакан ГЭС» подвели итоги творческого конкурса по противодействию коррупции
В ОАО «Чакан ГЭС» подвели итоги творческого конкурса среди сотрудников, направленного на повышение антикоррупционной культуры и реализацию плана антикоррупционных мероприятий общества.
Конкурс проходил с 28 августа по 25 сентября. Участники представили творческие работы, выразив своё видение таких ценностей, как честность, ответственность, открытость и неприятие коррупционных проявлений.
По итогам конкурса ряд сотрудников, продемонстрировавшие лучшие материалы были отмечены и награждены денежными призами. Также, их работы будут опубликованы на официальных страницах ОАО «Чакан ГЭС» в социальных сетях и на официальном сайте компании.
Проведение конкурса стало одним из мероприятий, направленных на повышение осведомлённости сотрудников о принципе «нулевой терпимости» к коррупции, формирование ответственного отношения к предупреждению коррупционных проявлений и укрепление антикоррупционной культуры в коллективе.
В ОАО «Чакан ГЭС» отмечают важность вовлечения каждого сотрудника в работу по предупреждению коррупции и формированию атмосферы открытости, добросовестности и ответственности.













