«Чакан ГЭС» ААК «13,5 МВт Данги чакан ГЭСи» МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат
Поделиться материалом
Опубликовано: 09 октября 2026

«Чакан ГЭС» ААК кызыкдар тараптарды «13,5 МВт Данги чакан ГЭСи» МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат.

Долбоордун демилгечиси — «Сателлит-2005» ААК.

Долбоор электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарындагы энергетикалык тартыштыкты азайтууга олуттуу салым кошууга жөндөмдүү заманбап кайра жаралуучу энергетика объектисин түзүүгө багытталган.

Кубаттуулугу 13,5 МВт болгон «Данги» чакан ГЭСин куруу долбоорун Ош облусунун Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагынын «Данги» участогунда ишке ашыруу пландалууда.

Бул МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык суроо-талаптын документтери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: ЗК

Конкурска катышуу үчүн сунуштарды берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Конкурска катышуу жана долбоорду ишке ашыруу боюнча суроолор менен кызыкдар тараптар Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 0 (312) 300 176 телефону, ошондой эле «Чакан ГЭС» ААКсына 0 (312) 901 544 (кош. 2-54) телефону аркылуу кайрыла алышат.

__________________________________________________________________________________________

ОАО «Чакан ГЭС» приглашаетпринять участие в конкурсе по проекту ГЧП «Малая ГЭС Данги 13,5 МВт»

ОАО «Чакан ГЭС» приглашает заинтересованных лиц принять участие в конкурсе по проекту ГЧП «Малая ГЭС Данги 13,5 МВт».  

Инициатором проекта является ОАО «Сателлит-2005».

Проект направлен на создание современного объекта возобновляемой энергетики, способного обеспечить устойчивое производство электроэнергии и внести значительный вклад в снижение энергетического дефицита в южных регионах Кыргызской Республики. Проект строительства малой гидроэлектростанции «Данги» мощностью 13,5 МВт планируется реализовать в Ошской области, Кара-Суйском районе, айыльном округе Датка, на участке «Данги».  

С запросом квалификаций по данному проекту ГЧП можно ознакомиться по следующей ссылке: ЗК

Срок подачи заявок на участие в конкурсе составляет 30 (тридцать) календарных дней со дня публикации настоящего приглашения.

По вопросам, связанным с конкурсом и реализацией проекта, заинтересованные лица могут обращаться в Центр государственно-частного партнерства по телефону: 0 (312) 300 176, а также в ОАО «Чакан ГЭС» по телефону: 0 (312) 901 544 (доб. 2-54)

Поделиться материалом