«Чакан ГЭС» ААКта Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер күнүнө карата волейбол турнири өттү
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 октября 2026
«Чакан ГЭС» ААКта Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер күнүнө карата кызматкерлер арасында волейбол турнири өткөрүлдү. Иш-чаранын уюштуруучусу болуп «Чакан ГЭС» ААКтын кесиптик бирлиги чыкты. Ишкананын жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлгөн мелдешке жалпы 8 команда катышып, оюнчулар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин, командалык духун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Турнирдин жыйынтыгында
биринчи орунду ОДС командасы,
экинчи орунду ЭТУ командасы,
үчүнчү орунду ЭТЛ командасы ээледи.
Мелдеш достук маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, кесиптештердин ортосундагы ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга, жамааттын биримдигин жана корпоративдик маданиятын чыңдоого багытталган.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана турнирге активдүү катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдиребиз! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!
 
   
Поделиться материалом