Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкция иштери уланууда. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору, өздүк муктаждыктар трансформатору жана станциянын түтүк өткөргүчү демонтаждалды.
Демонтаждалган жабдуулардын айрымдарын «Чакан ГЭС» ААКтын башка гидроэлектрстанцияларында кайрадан пайдалануу пландалууда. Бул колдо болгон техникалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана аларды өлкөнүн энергетика тармагында мындан ары да натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.
Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун подрядчысы — Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы.
Реконструкциялоо станциянын жабдууларын модернизациялоону жана анын орнотулган кубаттуулугун 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулатууну камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу гидроэлектрстанциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
На Лебединовской ГЭС продолжается демонтаж оборудования в рамках реконструкции
На Лебединовской гидроэлектростанции продолжается реконструкция. В рамках работ демонтированы гидроагрегаты, электрооборудование напряжением 6 кВ, силовые трансформаторы, трансформатор собственных нужд и трубопровод станции.
Часть демонтированного оборудования планируется повторно использовать на других гидроэлектростанциях ОАО «Чакан ГЭС». Это позволит задействовать имеющиеся технические ресурсы на других объектах энергетической отрасли.
Реконструкция Лебединовской ГЭС проводится с привлечением кредитных и грантовых средств Европейского банка реконструкции и развития (ЕБРР). Подрядчиком выступает китайская компания China National Heavy Machinery Corporation (CHMC).
В результате реконструкции установленную мощность станции планируется увеличить с 7,6 до 10 МВт. Проект предусматривает обновление оборудования и повышение эффективности работы гидроэлектростанции.













