Чакан ГЭС” ААК кызыкдар тараптарды “Күрмөнтү кичи ГЭСи 2,5 МВт” МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат.
Долбоордун демилгечиси “Азия-Восток Групп” ЖЧКсы.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү дарыясында кичи гидроэлектр станциясын куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке ашыруу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана региондун гидроэнергетикалык потенциалын кыйла натыйжалуу пайдалануу зарылдыгы менен шартталган.
Белгиленген кубаттуулугу 2,5 МВт болгон чакан ГЭСти куруу кайра жаралуучу гидроэнергетикалык ресурсту пайдалануунун эсебинен электр энергиясын кошумча өндүрүүнү камсыз кылууга, энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга жана энергия менен камсыздоонун тышкы булактарынан көз карандылыкты кыскартууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, долбоор Кыргыз Республикасынын энергия булактарын диверсификациялоо жана кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт.
Бул МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык суроо-талап менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот: ЗК
Конкурска катышуу үчүн сунуштарды берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Конкурска жана долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор боюнча кызыкдар жактар Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 0 (312) 300 176, ошондой эле “Чакан ГЭС” ААКсына 0 (312) 901 544 (кош. 2-54) телефондору аркылуу кайрыла алышат.
________________________________________
ОАО «Чакан ГЭС» приглашает заинтересованных лиц принять участие в конкурсе по проекту ГЧП «Малая ГЭС Курменты 2,5 МВт».
Инициатором проекта является ОсОО «Азия-Восток Групп».
Реализация проекта ГЧП по строительству малой гидроэлектростанции на реке Курменты в Тюпском районе Иссык-Кульской области Кыргызской Республики обусловлена необходимостью развития энергетической инфраструктуры, увеличения объемов производства электрической энергии и более эффективного использования гидроэнергетического потенциала региона.
Строительство малой ГЭС установленной мощностью 2,5 МВт позволит обеспечить дополнительную выработку электрической энергии за счет использования возобновляемого гидроэнергетического ресурса, повысить устойчивость и надежность энергоснабжения, а также будет способствовать снижению дефицита электрической энергии и сокращению зависимости от внешних источников энергоснабжения. Кроме того, проект будет способствовать достижению целей Кыргызской Республики в области диверсификации источников энергии и развития возобновляемой энергетики.
С запросом квалификаций по данному проекту ГЧП можно ознакомиться по следующей ссылке: ЗК
Срок подачи заявок на участие в конкурсе составляет 30 (тридцать) календарных дней со дня публикации настоящего приглашения.
По вопросам, связанным с конкурсом и реализацией проекта, заинтересованные лица могут обращаться в Центр государственно-частного партнерства по телефону: 0 (312) 300 176, а также в ОАО «Чакан ГЭС» по телефону: 0 (312) 901 544 (доб. 2-54)













