«Чакан ГЭС» ААК Кыргызстандын аймактарында электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 09 ноября 2026

«Чакан ГЭС» ААК Кыргыз Республикасында электр транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерин улантууда. Компания өлкөнүн аймактарында кубаттоочу станцияларды орнотууга өзгөчө көңүл буруп, алардын тармагын этап-этабы менен кеңейтүүдө.

Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Балыкчы – Нарын унаа жолунун боюнда, «Чакан ГЭС» ААКнын адистери тарабынан үч электромобилди кубаттоочу станция орнотулду. Долбоордун алкагында жумушчу долбоор иштелип чыгып, шаар куруу кортундусу алынып, ошондой эле жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда станцияларды ишке берүүгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар «Чакан ГЭС» ААК Нарын облусуна да кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Тактап айтканда, Кочкор районунун Теңдик айылында үч, ал эми Чолпон айылында эки кубаттоочу станцияны орнотуукаралууда.

Белгилей кетсек, 2026-жылы «Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусунда жалпысынан 14 кубаттоочу станцияны ишке берди. Бул багыттагы иштер 2025-жылы башталып, алгач Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрт станция орнотулган.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүүгө, экологиялык жактан таза транспортту колдоого жана Кыргызстанда электромобилдердин кеңири жайылышы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.

  

ОАО «Чакан ГЭС» расширяет сеть зарядных станций для электромобилей в регионах Кыргызстана

 

ОАО «Чакан ГЭС» продолжает работу по развитию инфраструктуры для электротранспорта в Кыргызской Республике. Компания последовательно расширяет сеть зарядных станций, уделяя особое внимание их размещению в регионах страны.

На сегодняшний день в городе Балыкчы, вдоль автомобильной трассы Балыкчы – Нарын, специалистами ОАО «Чакан ГЭС» установлены три электрозарядные станции. В рамках реализации проекта проведены работы по разработке рабочего проекта, получено градостроительное заключение (ГЗ), а также заключён договор аренды земельного участка. В настоящее время ведётся подготовка станций к запуску.

Параллельно работы по установке зарядных станций продолжаются в Нарынской области. В частности, в селе Тендик Кочкорского района предусмотрена установка трёх станций, а в селе Чолпон — двух.

Отметим, что в 2026 году ОАО «Чакан ГЭС» уже ввело в эксплуатацию 14 зарядных станций в Иссык-Кульской области. Работа по развитию сети началась ещё в 2025 году: две станции были установлены в Бишкеке, четыре — в Чуйской области и четыре — в городе Кара-Куль Джалал-Абадской области.

Реализация данных проектов направлена на развитие зарядной инфраструктуры, поддержку экологически чистого транспорта и создание необходимых условий для дальнейшего распространения электромобилей в Кыргызстане.

Поделиться материалом