Кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында «Чакан ГЭС» ААКда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган лекция өткөрүлдү.
Лекциянын спикерлери катары коомдук уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин (мындан ары — АИК) өкүлдөрү катышты:
- Сейиталиев Айдар Керимбаевич — «Башкы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси, АИКтин өнөктөшү;
- Ибрагимов Самат Сүйүнтбекович — «Мыйзам, тартип, талап» коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук бирикмесинин аткаруучу директору, ошондой эле АИКтин мүчөсү.
Иш-чарага «Чакан ГЭС» ААКнын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары жана бардык кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоонун, коррупциялык укук бузууларга жол бербөөнүн маанилүүлүгү, ошондой эле ар бир кызматкердин кесиптик ишмердүүлүгүндө чынчылдык, жоопкерчилик жана ачык-айкындуулук принциптерин калыптандыруудагы ролу тууралуу маалымат берилди. Өз учурнуда, кызматкерлер кызыктырган суроолорун беришип, лекторлордон тиешелүү жоопторду алышты. Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар арасында пикир алмашуу болду.
«Чакан ГЭС» ААК өз ишмердүүлүгүндө коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту сактоо, ак ниеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптерин илгерилетүү маселелерине мындан ары да өзгөчө көңүл бурат.














