Энергетика министрлиги кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн электр станциясын курууну пландоодо
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 ноября 2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана күн энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча иштерди улантууда. Бул багытта «Чакан ГЭС» ААКтын карамагындагы ГЭС-5тин аймагында кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн фотоэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылууда.

Учурда долбоорду даярдоо иштерин жүргүзө турган консультантты тандоо процесси жүрүүдө. Азия өнүктүрүү банкынын CSRN порталында жарыяланган тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн 22 компания өз арыздарын беришкен. Алдын ала тандоонун жыйынтыгында алты катышуучуга өз сунуштарын берүү үчүн чакыруу жөнөтүлгөн.

ГЭС-5те калкып туруучу күн электр станциясын пайдалануу боюнча буга чейин тажрыйба топтолгон. Кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук фотоэлектр станциясы 2024-жылдын 1-мартында пайдаланууга берилген. Ал 2024-жылы 133,9 миң кВт·саат, 2025-жылы 141,1 миң кВт·саат, ал эми 2026-жылдын он айында 132,5 миң кВт·саат электр энергиясын өндүргөн.

Күн панелдерин суунун үстүнө жайгаштыруу жер ресурстарын үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана гидроэлектр станцияларынын учурдагы инфраструктурасын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу күн энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарын көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

  

Министерство энергетики планирует строительство плавучей солнечной электростанции мощностью 15 МВт

 

Министерство энергетики Кыргызской Республики продолжает работу по развитию возобновляемых источников энергии и расширению мощностей солнечной генерации. В рамках этой работы на базе ОАО «Чакан ГЭС» реализуется проект строительства плавучей солнечной фотоэлектрической станции мощностью 15 МВт на территории ГЭС-5. Проект осуществляется в рамках меморандума о сотрудничестве с Азиатским банком развития (АБР).

В настоящее время ведётся отбор консультанта для подготовки проекта. На тендер, размещённый на портале CSRN Азиатского банка развития, заявки подали 22 компании из разных стран. По итогам предварительного отбора шесть участников получили приглашения представить свои предложения.

На ГЭС-5 уже имеется опыт эксплуатации плавучей солнечной электростанции. Пилотная фотоэлектрическая станция мощностью 0,1 МВт была введена в эксплуатацию 1 марта 2024 года. За 2024 год она выработала 133,9 тыс. кВт·ч электроэнергии, за 2025 год — 141,1 тыс. кВт·ч, за десять месяцев 2026 года — 132,5 тыс. кВт·ч.

Размещение солнечных панелей на водной поверхности позволяет экономить земельные ресурсы, снижать испарение воды и использовать существующую инфраструктуру гидроэлектростанций.

Реализация проекта позволит увеличить мощности солнечной генерации и расширить использование возобновляемых источников энергии в Кыргызской Республике.

Поделиться материалом