«Чакан ГЭС» ААК оңдоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт. Бул да болсо суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Электр энергиясын рационалдуу пайдалануу – жай турмуштун көндүм адаттарынан баш тартууну талап кылбаган, айлана-чөйрөнү сактоого болгон аң-сезимдүү салым. Андан сырткары, чыгымдарды кыскартуунун, электр аспаптарынын өмүрүн узартуунун бир ыкмасы
Энергетиктер ар бир үйгө жарык тартуулоо үчүн талкыпай эмгектенүүдө. Алсак, оңдоо иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 гидроэлектростанциясынын 6 кВ чыңалуусундагы сыртка орнотулуучу комплектүү түзмөккө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
«Чакан ГЭС» ААК тендер алдындагы онлайн жолугушуу Бишкектин убактысы менен 7-июнда, саат 14:00 болорун билдирет.
Ар бир үйгдөгү лампочка жарык бериш үчүн бир топ энергетиктердин күчү жумшалат. Кээ бир энергетиктер асман тиреген тирөөчтөрдөгү аба чубалгыларын оңдошсо, кээ бирлери суу кечип, жабдууларды оңдошот. Алардын катарын «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери толуктайт.
Акционердик коом долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын кредиттик жана гранттык каржысын тартуу менен ишке ашырууну мерчемдөөдө.
“Чакан ГЭС” ААКнын релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматы электр техникалык участогу менен биргеликте Аламүдүн-3 жана Аламүдүн-5 гидроэлектростанцияларындагы ачык бөлүштүрүүчү тузмөктөгү (АБТ) ячейкаларды оңдоодо.
Кыш камылгасын көрүү максатында жаз менен бирге энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө киришишет. Жабдуунун бузулушун алдына алуу максатында энергетиктер капиталдык жана утурумдук оңдоо, техникалык тейлөө иштерин алып барышат.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү «Чакан ГЭС» ААКда кызуу жүрүүдө. Тактасак, «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка гидроэлектростанциясынын экинчи кезектеги 35/6 кВ чыңалуусундагы күч трансформаторуна утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.