«Чакан ГЭС» ААКсында коомдун башкы директорунун биринчи орун басарын тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү. «Чакан ГЭС» ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары кызматына Кылышбеков Улан Раимкулович дайындалды.
2026-жылдын 16-майында «Чакан ГЭС» ААК жамааты Юбилейная жана Гагарин көчөлөрүндо жайгашкан Таранчиев атындагы сейил багы аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Чакан ГЭС» ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоорду каржылоо кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен камсыздалган.
Бишкек шаарында, 4-апрелде, шаарды көрктөндүрүүгө жана тазалоого багытталган жалпы шаардык ишембилик өтүп, бул демилгеге «Чакан ГЭС» ААКнын административдик-башкаруу персоналы активдүү катышты.
«Чакан ГЭС» ААК коюлган милдеттерди өз убагында аткарууну камсыз кылды. Коомдун башкы дирекциясы мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча ишти пландуу негизде жүргүзүп, аны практикалык жактан ишке киргизүүнү уюштурду.
Азыркы учурда Орто-Токой ГЭСинин курулушу активдүү фазада жүрүп, акыркы баскычка өтүүдө. Бул этапта станциянын кубаттуулугун чыгаруу үчүн зарыл болгон кошумча инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
«Чакан ГЭС» ААКда кыргыз элинин эң маанилүү майрамдарынын бири – биримдиктин, жаңы жашоонун башаты болгон – Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда ишке берилген Кара-Көл ГЭСи штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Станция пайдаланууга берилгенден тарта 22 млн. 702 миң кВт.саат электр энергиясын өндүргөн
Жума күнү, 13-мартта, Dongfang Electric International Corporation (DEC) компаниясы менен «Чакан ГЭС» ААКнын ортосунда кайра жаралуучу энергия булактары тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.